04:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өз атасынан төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады

Өз атасынан төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну өз кызын зордуктаган. Маалыматка ылайык, өспүрүм өз атасынан уул төрөгөн.

«Окуучу кыз учурда мектепте жакшы окуп жатат. Ага психологиялык жардам көрсөтүлдү. Ал энеси экөө баладан баш тартышкан. Учурда аны асырап алууга документтер даярдалууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума