06:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдө жергиликтүү тургун өз кызын зордуктаган

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүү тургун өз кызын зордуктаган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм өз атасынан уул төрөгөн.

«Кыз Э.Д. аттуу гинекологго кайрылып, боюнан алдыртууну суранган. Бирок, жыйынтыгында 8-класстын окуучусу бала төрөп, аны башка үй-бүлөгө сатып жиберишкен», -деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИББ аталган маалыматты тастыктады. Өспүрүм 4-июлда төрөгөн.

Учурда 53 жаштагы А.М. аттуу тургун кармалып, убактылуу жайга киргизилди. Кызды төрөткөн дарыгерге жана кыздын ата-энесине юридикалык баа берилет. 

Эң көп окулган жаңылыктар