09:21
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Ошто кыз ала качууга шектүүлөр кармалды

Ошто кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы кызды 21-январда «Глобус» гипермаркетинин жанынан ала качып кетишкен. Кызды шектүүлөрдүн бири турмушка чыгасың деп мажбурлаган.

«23-январь түнү 2 шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар