04:06
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

«Кумтөр» кениндеги тоо иштери толугу менен кийинки жумада калыбына келтирилет

«Кумтөр Голд» компаниясы 2020-жылдын акырына чейин тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат жана макулдашуулардын баарын алды. Бул тууралуу «Центерра Голд Инк.» компаниясынан билдиришти.

«Өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары бул жылы компаниянын Борбордук карьериндеги тоо иштери планын жактырды. Ошондой эле авариядан кийин бош тоотекти Борбордук өрөөн менен Сары-Төр өрөөнүнө төгүүдө коопсуздукту сактоо боюнча оңдолгон план дагы жактырылды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ачык тоо иштеринин темпи өсүүдө, кийинки жуманын башында толук көлөмдө ишке киргизүү пландалууда.

«Центерра Голд Инк.»

«Ошол эле убакта фабрикада 2020-жылга каралган планга ылайык, кампадагы руда запастарын кайрадан иштетүү уланууда. Муну менен катар Кумтөрдө Лысый жээк өрөөнүндөгү жер көчкүнүн себептерин аныктоо боюнча ички иликтөө уланууда. Компания аталган маселе боюнча тергөө органдары менен байланышта болуп жатат», — деп билдиришти компаниядан.

«2 кызматкерди куткаруу иштери башталгандан 6 ай өткөндөн кийин, белгисиз жоголгондордун туугандарынын макулдугу менен, ошондой эле мамлекеттик органдардын, ӨКМнын макулдугу боюнча издөө иштери токтотулган», -деп жазылат билдирүүдө.

«Алтын кенинде дайынсыз жоголгондордун туугандарынын катышуусунда эскерүү иш-чарасы болду. Биз каза болгон кызматкерлердин жакындарына көңүл айтабыз. Ошондой эле издөө иштерине катышкандардын баарына терең ыраазычылык айтабыз», — деп билдиришти «Центерра Голд Инк.» компаниясы.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турган.

  • «Центерра» дүйнөдɵгү алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи — «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар. Азыркы учурда Түркияда өзүнүн жаңы Оксүт кенин куруу үстүндɵ жана Канаданын эки кенин: Кемесс жана Гринстоун (50% акция) долбоорлорун иштетүүдɵ. Ошондой эле Канада, Финляндия, Мексика, Швеция, Түркия жана АКШда биргелешкен геологиялык чалгындоо ишканаларын сатып алууга опциондору бар.

Эң көп окулган жаңылыктар