20:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кумтөр: Бир айдан бери иш токтоп турат

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Марина Гаврилова билдирди.

Айтымында, тоо-кен иштерин жүргүзүш үчүн иш планы бекитиле элек, жумуш качан жанданары белгисиз.

«Иштегенге уруксат жок болгондуктан, бардык иштер убактылуу токтотулган», — деди ал.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар