«Кумтөрдүн» кызматкерлери жаман адатка айланган тамеки чегүүдөн арыла башташты. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дээрлик бир жыл мурун, 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнүнө карата компания кызматкерлери арасында «Мен тамекини таштайм!» долбоорун баштаган. Ага ишкананын 90 кызматкери катышып, анын ичинен тогуз адам тамекини таштоо боюнча бардык талаптарды аткарган.
Кумтөр кенинин өндүрүш гигиенасы боюнча дарыгери Чыңгыз Эгембергеновдун айтымында, долбоор компаниянын кызматкерлеринин арасында чоң кызыгууну жаратты.
«Өпкөдө көмүр кычкыл газынын бар же жок экенин дем алуу аркылуу аныктоого болот. Долбоордун катышуучуларын алты ай боюу тынымсыз текшерип, жыйынтыгында чындап тамекини таштагандарды аныктадык. Биз тамекини таштоого жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган мындай долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну көздөп жатабыз», — деп белгиледи ал.
«Кумтөр Голд Компани» башка компанияларды кызматкерлери арасында бул зыяндуу, жаман адаттан толук баш тартууга багытталган ушундай сынактарды өткөрүүгө чакырат.