09:47
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышты

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, унаа экиге бөлүнүп калган, анын ичинде эч ким болгон эмес.

«Биз издөө иштерин улантып жатабыз. Учурда аталаган жайда 95 киши жана 57 даана техника иштеп жатат», — дейт ал.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар