12:58
USD 73.65
EUR 80.26
RUB 1.02

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Жакынкы күндөрү «Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин уланта баштайт. Бул тууралуу Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

Кен чыга турган № 3 жайдагы авариядан кийин бош тоотек эми «Чоң-Сары-Төр» жана «Кичи-Сары-Төр» тилкелерине төгүлмөй болду.

«Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке киреше баштайт», — деди Тажибаев.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турган.