17:52
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Каржылык чалгындоо кызматы: 700 миллион доллар мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия өз ишин баштады. 

Бүгүн отурумга Улуттук банктын, Бажы кызматынын жана Каржылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды. 

 

Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын»  жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Каржылык чалгындоо кызматынын аткаминерлери 700 миллион доллар - бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес дешти. Алардын айтымында, ал каражаттар биздин республикадан чыгарылган эмес. Учурда мекеме чыгарылган каражат кимге тиешелүү экенин тактап жатат. 

Белгилей кетсек, Түркияда уйгур тектүү Кытай жараны Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган.

 

Эң көп окулган жаңылыктар