15:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Карагат, малина, жүзүм. Кошумча нарк салыгынан бошотулган мөмө-жемиштер

Айыл жергесиндеги товар өндүрүүчүлөрдүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн импорттолуучу бир катар көчөттөрү кошумча нарк салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импортко кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби