13:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мигранттардын үй маселеси. Ижарадан ипотекага байланган жылдар

Батирден батирге көчүп, кожоюндардан убактылуу үйүнө каттоого суранып келген мигранттар Москвадан турак жай сатып алууда. Мурда мекендештерине ижарага башпаанек издеген кыймылсыз мүлк агенттери эми үй издешүүдө. Кыймылсыз мүлк агенттеринин айтымында, былтыры болжолдуу түрдө 500дөй кыргызстандык ипотекалык насыя алган. 

24.kg агенттиги турак жай баасы боюнча дүйнөнүн эң кымбат шаарларынын ондугуна кирген Москвада мигранттар кантип үйлүү болуп жаткандыгына кызыкты.

Мигранттардан акча коротуулар азайды

Мигранттардын иштеген акчасынын көп бөлүгү эми мекенге жөнөтүлбөй, Россияда калып калары боюнча талдоочулар мындан 2-3 жыл мурда эле айтып чыгышкан. Ага көпчүлүк кыргызстандыктардын балдарын көчүрүп кетип жатканы негиз болгон. Алардын буга чейин билим берүү жана үй-бүлөсүнүн башка чыгымдарына жөнөткөн акчалары эми иштеген шаарында жумшалууда. Анүстүнө мурдакыдай бир бөлмөдө онго жакын киши менен тыгылып жашай албагандыктан үй-бүлөлүүлөр өзүнчө бөлмөлөрдү, айрымдары батирлерди ижарага алып башташты.

Акыркы жылы жаңы тренд пайда болуп, мигранттар эми турак жай сатып алууга киришти. Үйдү Бишкектен эле эмес, Россиянын аймагынан дагы сатып алышууда.

Бул өзгөрүүлөр Кыргызстанга которулган акчалардын жалпы көлөмүнө таасир бербей койгон жок. 2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Россияда иштеген мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 148,9 миллион доллар которушкан. Бул 2018 жылдын 11 айына салыштырмалуу 287,4 миллион долларга аз (2 миллиард 436,3 миллион доллар).

2017-жылы Москвадагы кыргыздар Тула облусунан бир нече гектар жерди сатып алып, өздөрүнүн айылын түзмөкчү болушкан. Бирок, Россия бийлиги бир улуттун топтолушунан чочуркап, жерди кайра тартып алды. Ага каражат короткон мигранттардын айрымдары дагы эле акчасын кайтарып алуу аракетинде.

Бирок, кыргыздар максатынан артка кайтпай эми Россиянын борбор кааласынын батир алууга киришти. Ага ЕАЭБтин шарттары дагы жол ачат. Болгону турак жай баасы кымбат шаардан дароо сатып алуу оор болгондуктан мекендештер 15-20 жылга ипотекалык насыяга келишим түзүшүүдө.

Өз үйүм, өлөң төшөгүм

Гүлмира Эргешова 2006-жылы Россияга келген. Ар кандай жумушта иштеп, учурда гипермаркетте сатуучу. Бул арада ал кызын узатып, неберелүү болду. 2017-жылы топтогон акчасына Рязань аймагынан жер үй алган. 2019-жылы Москвадан төрт бөлмөлүү батир алды.

Гүлмира Эргешованын жеке архивинен
Фото Гүлмира Эргешованын жеке архивинен

«Аябай жакшы батир. Жайгашкан жери да ыңгайлуу. Баардык документтерин өзүбүздүн мекендешибиздин агенттиги бүтүп берди», — дейт Гүлмира.

Гүлмира эми 22 жыл Россиянын банктарына насыя төлөйт. Азырынча ай сайын акча которуп, кыйынчылыктарды сезе элек. Алган айлыгынын 80 пайызын банкка которууда.

«Эми баары бир эле батирге дагы ай сайын ошол эле сумманы берип жатабыз. Андан көрө өзүбүздүн үйдө жашап, өз үйүбүзгө катталып, ижара акысын ипотека төгүүгө короткон жакшы эмеспи. Эмки жыл Бишкектен үй алам. Баары бир Кыргызстанга барам да», — дейт Гүлмира.

Ижарада жашап жүргөндө көп кыйналган учурлар болгон. Түнү кичинекей балдар менен кышында көчөгө чыгарып да коюшкан. Эми көңүл тынч. Көптөр «биз кетсек, үй балдарыбызга калат» деген ойдо сатып алып жатышат. Балдарыбызды бизге окшоп кыйналып, батирдеп жүрбөсүн дейбиз.

Гүлмира Эргешова

Мигранттар насыя төлөй баштагандан кийин чыгымдарды азайтууга туура келгенин айтышат. Анткен менен тууган-туушкандарга жардам берүүдөн баш тарта албай, аз болсо да акча которуп турушат.

«Эми мурдакынан азырак жөнөтүп калдым. Ата-эне, кайын-журт бар. Баары бир аз болсо да жардам берип турабыз», — дейт Гүлмира.

Москвага байланган жылдар

Учурда Россиянын 8 банкы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына ипотека берүүдө. Үстөк пайызы 8-9 пайыз өлчөмүндө.

«Батирди алгач төлөмү жок алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Иштеген жери так болсо тез эле насыя алса болот. Эки комнатанын бир айлык төлөмдөрү 40-45 миң рубль. Шарттары өтө жеңил. Батир дароо эле сатып алуучуга катталат. Мигрант өз үйүнө катталып, бул маселени дагы чечет», — дейт Москвадагы кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Нүргүл Каимова.

Нүргүлдүн айтымында, ансыз деле бир эле мигрант жылына 600- 700 миң рублды ижарага коротот.

Бир кардарды билем, сатып алган үйүнө кире элек. Ал ижарага берип койгон. Ижара акысы менен насыяны төлөп жатат. Ошондо ага эч кандай оордук тийген жок.

Нүргүл Каимова.

Кыргыздар үйлөрдү көбүнчө Москванын четирек райондорунан сатып алышууда.

Нүргүл Каимованын жеке архивинен
Фото Нүргүл Каимованын жеке архивинен

«Кирешеси 50 миңден жогору болгондор, көбүнчө менеджерлик курамда иштегендер сатып алып жатышат. Алардын арасында өтө аз айлыкка иштегендер дагы жок эмес. Негизи бул жакта көптөр эки жерде иштешкендиктен, жакшы эле акча алышат. Мисалы, мен жакында 8 жылдан бери имаратты жууп иштеген эжеге үй алууга көмөктөштүм. Топтогон акчасы бар экен», — дейт ал.

Нүргүлдүн агенттигине Жаңы жылдан кийин эле тогуз киши ипотека алуу сунушу менен кайрылган. Ал эми Москва шаарында кыргызстандыктар жетектеген үч ири кыймылсыз агенттиктери бар. Алардын баары мекендештерине турак жай сатып алууга жигердүү көмөктөшүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар