11:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусияда кыргызстандык жаран түркмөн кызын өлтүрүүгө шектелүүдө

Екатеринбургда түркмөнстандык 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу аймактык E1.RU онлайн порталы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, мууздалган кыздын сөөгү өткөн аптада Степан Разин атындагы көчөдө жайгашкан батирден табылган. Бир нече күндөн кийин тергөөчүлөр шектүүнүн изине түшүшкөн. Аны кармоо боюнча операция 11-февралда жүргүзүлүп, ал ижарага алган батиринде табылган.

«Ал каршылык көрсөткөн жок. Күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан тышкары анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө», — деген E1.RU порталынын өз булагы.

Маалыматка караганда, түркмөнстандык кызды анын кыргызстандык таанышы өлтүргөн. Ал мурун маңзат сактоо айыбы менен соттолгон. Ага карата «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума