17:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Пандемия учурунда чет өлкөдөгү жашоо. Мекендештердин окуясы

Пандемия башталгандан бери 10 миңден ашык жарандар Кыргызстанга кайтып келишти. Бирок, бул чет өлкөдө калгандардын бир эле бөлүгү. Дагы канча мекендештер атайын каттамдарды күтүүдө. Бул арада көпчүлүк өлкөлөрдө карантин алынып, жашоо жанданып баштады.

24.kg агенттиги мекендештерден пандемия учурунда четте кантип күн кечирип жатканын сурады.

Кытайда обочолонуу — дең-соолуктук булагы

Пекин институтунун студенти Хамида Осмонжанова бир жылдан бери Кытайдын борбор калаасында жашайт. Акыркы беш айды калк эң көп жашаган шаарда изоляциядр өткөрдү.

Анын айтымында, өзү жана Пекиндеги тааныштарынын эч кимиси вирус жуктурган эмес.

«Бул биз эч ким менен байланышпаганыбыздан болсо керек. Январь айынан майга чейин дүкөнгө азык-түлүк сатып алганы гана чыктык. Көчө ооруканадай жыттанып турду. Саат сайын зазалсыздандыруу иштери жүрүп, лифттин кнопкасынан өйдө арчып жатышты», — дейт ал.

Хамида Осмонжаванын сүрөтү
Фото Хамида Осмонжаванын сүрөтү. Пекин

Оору күч алганда Хамида аэропортко чуркап, саламаттыгын тобокелге салгысы келген эмес. Андыктан, карантин бүткөнчө Кытайда туруп турууну туура көрдү.

«Обочолонуу учуранда мени ата-энем менен кытай досторум колдоп турушту. Кытайдагы досторум дүкөндөрдөгү карточкаларына түшкөн арзандатуучу баллдарды мага өткөрүп берип жатышты. Моралдык жактан кыйын болду. Үйгө учуп кетким келди», — дейт Хамида.

Акыркы жумада Кытайда вирус аныкталган жок. Вирус боюнча баардык маалыматтар ачык. Телефонго wechat жана alipay тиркемелерин жүктөп алып, бейтап жашаган районду, ал акыркы жолу болгон жайлардын даректерин билсе болот.

«Пекинде акыркы жолу оору чыкканда бейтап жашаган район гана курчалды. Шаардын калган бөлүгү кадимкидей иштеп жатты. Учурда чектөөлөр алынып, талаптар азайды. Болгону коомдук транспортко түшкөндө бет кап тагууну суранышат. Айрым жерлерде дене табын өлчөп, жеке маалыматтарды жазып калышат», — дейт Хамида.

Кытайда аймактар аралык байланыш дагы ишке кирди. Бирок, бир шаардан экинчи шаарга баруу үчүн бир жума ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыгы болушу керек. Анализди бейтапканалар бекер жасашат.

Хамида болсо Кыргызстанга атайын учакты күтүүдө.

Мекенге карай узак жол

Баарынан Россиядагы, айрыкча Москвадагы мигранттар оор күндөрдү баштан өткөрүштү. Жумушсуз калган мекендештер Кыргызстан карай агылып, бирок, атайын каттамдардын аздыгынан дагы эле көпчүлүгү келе албай жатышат. Кыргызстанга жумасына эки учак учуп келгенине карабай, калоочулардын аягы үзүлбөйт.

Кыргызстанга учуп кетүү үчүн элчиликтин тизмесине кире албагандар Оренбург шаарында айлап көчөдө чатырларда жатканы маалым. Тышкы иштер министрлиги Казакстандан суранып жатып, эки жолу атайын автобустар менен талаада жаткан мекендештерди алып чыгып кетишти. Азыр үчүнчү топ топтолгону айтылууда.

Москва үч ай карантинде болду. Мигранттардын бир тобу ооруп, үйдөн дарылаганын айтышат.

«Мигранттардын абалы оор эле. Карантин учурунда карызга батып калышты. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп турабыз. Мен мисалы мурдакыдай айылга акча салбай калдым», — дейт жеке ишкер Нури Маликова.

Учурда Москвада чектөөлөр алынып, мигранттар жумуш ордуна кайтып келишти.

Нури Маликованын жеке архивинен
Фото Нури Маликованын жеке архивинен. Сулуулук салонунун ачылышында

«Санатирдык талаптар бар. Бет кап тагынып, дистанцияны сактоо керек. Ага көзөмөл салып, айып пул салып турушат», — дейт Нури Маликова.

Нури өзү карантин учурунда убакытын текке кетирбей бизнес планын иштеп чыгып, чектөөлөр алынышы менен сулуулук салонун ачты.

Ыңгайлуу шарт жана катаал тартип

Бириккен Араб Эмиратындагы кыргызстандыктар Россиядагы мекендештердин абалы бир топ жакшы. Изоляция учурунда дээрлик бардыгы жумушсуз отурушкан. Бирок, анткен менен көпчүлүгү Кыргызстанга кайтууга шашкан жок.

«Бул алардын тандоосу болду деп айтаар элем. Баарынын тең эле учуп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок көбү бул жакта калып, ыңгайлуу убакытты күтүүнү туура көрүштү. Бизде Россиядан айырмаланып, Кыргызстанга кетүүгө тизмеге тургандардын саны аз. Ал эми билетти эч кандай чектөөсүз эле авиакомпаниядан сатып алса болот», — дейт Жанара Мыйтанова.

Анын айтымында, жардамга муктаждарга Бириккен Араб Эмиратындагы Башкы консулдук жардам берет. Ошондой эле, дипломаттар кайрымдуулук фонддору аркылуу азык-түлүк менен камсыз кылып турушат.

Жанара Мыйтанова Дубайда батирлерди кыска мөөнөттүү ижарага берүү менен алектенет. Карантин анын ишине өзгөчө деле таасирин тийгизген эмес.

Жанара Мыйтанованын жеке архивинен
Фото Жанара Мыйтанованын жеке архивинен

«Чек аралар жабылганда, бардык буйруталар дароо жокко чыгарылды. Албетте, бул биз үчүн күтүүсүз болду. Бирок бизге Бириккен Араб Эмиратында калып калган туристтер келип жатышты, аларга чек ара ачылганга чейин булу жакта жашоого туура келди. Алардан сырткары, карантин учурунда жергиликтүү тургундардан дагы турак-жайларды ижарага алып жашагандар болду. Ошондуктан биз жумушсуз калган жокпуз. Бир-эки батир бош туруп калды, бирок кожоюндары түшүнүү менен бизге жеңилдик кылып беришти», — дейт ал.

Дубайда бизнес жүргүзүү абдан ыңгайлуу. Анткени адамдар бири-бирине жардам берүүгө аябай аракет кылышат. Мына ушундан улам, бизнесимди таштап, Кыргызстанга кетүү оюма келген эмес.

Жанара Мыйтанова.

Дубай вирусту жеңип чыкканын өткөн жумада салтанат менен белгиледи. Алгачкы туристтерди дагы кабыл ала баштады.

Жанара Мыйтанованын айтымында, көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүдө катуу тартип жардам берди.

«Коронавирус менен күрөш — ар бирибиздин жоопкерчилигибизде экенин түшүнүшүбүз керек. Бириккен Араб Эмиратынын бардык жерлеринде We are all responsible (Биз баарыбыз жоопкерчиликтүүбүз) деген чакырыктагы баннерлер илинген. Кыргызстанда эл көйгөйлөрдүн баарын бийликтин мойнуна жүктөп коёт. Алар жок дегенде өздөрү үйдө отуруп, өздүк гигиенаны сакташса жакшы болмок. Анүстүнө бийликтин коомдо аброю төмөн. Аткаминерлер өздөрү дагы бет кап тагынбай жаман үлгү көрсөттү», — дейт Жанара.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума