23:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташты

Орусиянын ТАСС агенттиги 18-майда кечинде Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташканын жазды.

Калайман уруш 18-майдын кечинде Москва шаарынын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон. Бул тууралуу Москванын шаардык милициясы кабарлаган.

ТАСС күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып, мушташка эки өлкөнүн 15 чакты жараны катышканын кабарлады. Ага ылайык, ооруканага алты адам түшкөн. Милиция териштирүү ишин жүргүзүү үчүн тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик, жетөө майда бейбаштык менен жазага тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар