00:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Москвада 30 жаштагы келин 20 күндөн бери дайынсыз болууда

Москва шаарында иштеп жүргөн Малик кызы Айнура изделүүдө. Бул тууралуу диаспора өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган Малик Кызы Айнура үч баласы жана апасы менен Москвада жашап, иштеп жүргөн.

«20 күн мурун ишке кеткен бойдон кайра келген эмес. Айнураны тааныгандар, билгендер болсо кабар берип койгула. Үйдө кичинекей балдары күтүп олтурат», — дейт диаспора өкүлдөрү.

Маалыматтарды төмөнкү номурларга кабарлоону өтүнүшөт. +996556969722, +79653870612.

Эң көп окулган жаңылыктар