02:58
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бажы кызматындагы иш. Бажы кызматынын өкүлү сурак берди

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бажы кызматынын 15 кызматкеринин жемкорлук, кош көңүл мамиле жасоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча соттук териштирүү уланууда. Айыпталуучулардын катарында Бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов дагы бар.

Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары Бажы кызматынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Руслан Бейшеналиев сурак берди. Ал тергөө маалында адис катары суракка чакырылганын айтты. 

«Мени 2 документ менен тааныштырышты. Тергөөчү Бажы кызматында Кытай менен кат жазышуу кандай жүргүзүлө тургандыгын сурады. Мен болсо мекеме аны электрондук почта аркылуу киргизип, кээде салттуу ыкма менен жөнөтө турганын айттым. Сурак маалында документтин мазмуну тууралуу талкуу болгон эмес», — деди ал.

Эске салсак, Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында бажы кызматын жетектеп турганда башка мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар менен коррупциялык байланыштарды уюштурган делүүдө. Чырдын башы «Түндүк» бажы кызматында башталган. «Түндүк» темир жол бажы кызматынын мурдакы жетекчиси Нурбек Айбашевдин үйүндө тинтүү жүрүп, анда 25 алтын кол саат жана документтер алынган. Нурбек Айбашевге «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, камакка алынган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар