15:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусиянын түзөтүү мекемелеринде 1 миң 405 кыргызстандык жаза өтөөдө

Орусиянын түзөтүү мекемелеринде 1 миң 405 кыргызстандык жаза өтөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын 98 пайызы атайлап жасалган кылмыш үчүн (негизинен өз жердештерине карата жасалган кылмыштар) соттолгон.

«Орусиянын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан кыргызстандыктардын эсеби дайыма жүргүзүлөт. Бул багытта Орусия тарап менен бирге иштешүүнү күчөтүүнүн алкагында, Кыргызстандын ЖАМКнын өкүлчүлүгү былтыр Орусияда түзүлгөн», — деп билдиришти элчиликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума