09:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Асел Кадырбекова жаныбарларды аралаштырганы үчүн сынга алынган видеосун өчүрдү

Асел Кадырбекова жаныбарларды аралаштырганы үчүн сынга алынган гивтин видеосун инстаграмдагы баракчасынан өчүрдү.

Эскерте кетсек, Асел Кадырбекова кезектеги утушту жарыялаган. Ал бул жолу күйөрмандарына кымбат балуу унаа белекке бермей болот. Утуштун видеосун цирктин имаратында тартып, ага маймыл, аюу катышкан.

Видеону социалдык тармактын айрым колдонуучулары айбанаттарга ырайымсыздык катары бааласа, көпчүлүгү этика маселесин козгоп, ырчынын баракчаларын блоктоону сунушташты.

Ырчы өзү учурда үй-бүлөсү менен Дубайда эс алууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар