10:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жактарга айып салынбайт

Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып, унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

1-январдан баштап жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга айып пул салынбайт.


Эң көп окулган жаңылыктар