11:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Серепчи: Окуя «Кумтөрдө» эмес башка ишканада болгондо, мынчалык чуу болбойт эле

Саясатчылар менен коомдук ишмерлер кимдир-бирөөнү бир нерсеге айыптоодон мурун, адистерге абал менен таанышып, иштөөсүнө убакыт бериши керек. Бул тууралуу орусиялык экономист, Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович, StanRadar порталына «Кумтөрдүн» айланасындагы окуяга түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Эксперттин пикиринде, өндүрүштө болгон ар кандай жагдайда (кызматкерлерге зыян келтиргенде) компетентүү органдар гана териштириши керек.

«Алардын компетенциясына эмгек мыйзамын сактоону көзөмөлдөө, техникалык коопсуздукту сактоону текшерүү жана башкалар кирет. Кен өндүрүшүндөгү стандарттар жана эрежелер СССР маалында жазылганын эске алсак, нормативдик базада көйгөйлөр жаралбашы керек», — деди эксперт.

Саясатчылар менен коомдук ишмерлер кимдир-бирөөнү бир нерсеге айыптоодон мурун, адистерге абал менен таанышып, иштөөсүнө убакыт бериши керек.

Никита Мендкович

«Адистер өз кезегинде баардык жагдайларды жана документацияны изилдеп, өз чечимин чыгарышы керек», — деди ал.

Никита Мендковичтин айтымында, эгер кайгылуу окуя «Кумтөрдө» эмес, башка кен иштетүүчү ишканада болгон болсо, мындай ызы-чуу балким болмок эмес. 

Бул жагдайды ал 3 себеп менен түшүндүрдү.

«Биринчиси — мамлекеттик бюджетти толтурууга байланышкан кенге ашкере көңүл буруу. Экинчиси — «Кумтөр» бийликтеги айрымдар үчүн каржы булагы катары кабыл алган адат боюнча ыңгайлуу ишкана болууда. Үчүнчүдөн — «жөнөкөй эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын» коргоо аркылуу, саясий упай топтоо максатында абалды терметүү», — деди серепчи.

Эгер алгачкы 2 жагдай, эксперттин пикири боюнча, «адат болуп калган көрүнүш болсо, үчүнчү учур олуттуу этикалык көйгөйдү жаратат».

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар