14:50
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Иван Ипполитов: «Кумтөр» алтын кениндеги окуяны саясатташтырбоо керек

«Кумтөр» алтын кениндеги өзгөчө кырдаалды иликтөөгө абдан тыкыр мамиле жасап, бул кайгылуу окуяны саясатташтырбоо керек. Бул тууралуу Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Иван Ипполитов, StanRadar.com сайтына Кыргызстандагы «Кумтөр» ишканасында болгон окуяга түшүндүрмө берип жатып билдирди.

«Кыргызстандын коомчулугунун көп жылдан бери кенге жана чет элдик инвесторлорго көңүлү бурулганын эске алып, окуянын жагдайларын иликтөөдөн жазгыруудан качса жакшы болмок», — дейт серепчи.

Ал өзгөчө кырдаалды иликтөөдө бир канча фактор кооптуу болушу мүмкүн деди.

«Биринчи — окуянын жагдайын текшере турган комиссиянын курамы. Бул кишилер тоо-кен иштеринин ар бир майда-чүйдөсүнө чейин жакшы билиши керек. Алар коопсуздук техникасынын эрежелерин мыкты билген, көз карандысыз ой-пикирге ээ болгон кишилер болушу шарт. Комиссиянын катышуучулары бул критерийлерге канчалык деңгээлде туура келет, азырынча айтуу кыйын», — деди Иван Ипполитов.

Экинчи учурду серепчи иликтөөнү ачык-айкын жүрбөй калышы деп атады.

««Кумтөрдү» мурункудай эле Кыргызстандагы ири бюджетти толтура турган ишкана катары эсептөө керек. Алтын кендеги издөө иштерине көз салып, байкоо жүргүзүп жаткан аудитория менен иштин ачык-айкындуулугуна шек жараткан текшерүүчүлөрдүн ортосунда ызы-чуу жаралышы мүмкүн», — деди ал.

Эксперт «алдын ала жыйынтыктардан жана болгон окуянын кесепеттеринен» карманып турууга кеңеш берет.

«Учурда ишкананын жоголгон кызматкерлерин издөөгө гана көңүл буруу керек. Бул эң башкы тапшырма», — деди серепчи.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар