19:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

1-декабрга карата 59 миң 18 салык декларациясы келип түштү

2019-жылдын 1-декабрына карата салык кызматынын маалыматтар базасына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан 59 миң 18 салык декларациясы келип түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 миң 330 декларацияга көп.

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2018-жылдагы Бирдиктүү салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Декларациялардын санынын өсүшү негизинен жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан берилген декларациялардын көбөйүшү менен шартталды.

«Ар кандай укук бузуулар, анын ичинде декларацияны бербегендиги же өз убагында тапшырбагандыгы, ошондой эле такталбаган маалыматтар менен декларацияны берүү боюнча прокуратура органдарына юридикалык баа берүү үчүн 14 миң 374 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар тапшырылып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен 1 миң 579 декларант боюнча материалдар — мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен декларацияны бергендиги үчүн, анын ичинен 126 — саясий, атайын жана башкы администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Декларацияны бербегендиги үчүн — 5 миң 106 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинен 157 жогорку саясий, атайын жана башкы администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Туура эмес маалыматтар менен декларацияны бергендиги үчүн — 7 миң 689 адам, алардын 499 — саясий, атайын, жогорку жана башкы административдик кызмат орундарын ээлегендер.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума