18:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Январдан тарта электрондук тамекилерге салык салына баштайт

2020-жылдан тарта ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктарга акциз салыгы салына баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай товар өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 1-январдан баштап 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга — 610 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга — 1 сом төлөшөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 2019-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилген. 2019-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы 0 сомду түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума