00:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Балыкчы—Жел-Арык темир жолунда 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти

Балыкчы—Жел-Арык темир жол тилкеси убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган тилкеде 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталып жатат. Мындан сырткары темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума