18:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Адам өлүмүнө шектелген пенсионер 11 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Свердлов райондук соту 73 жаштагы кишини 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Маалыматка караганда, пенсионерге өгөй баласын өлтүрдү деген күнөө коюлду. Айыпталуучунун жактоочусу бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Экинчи инстанция өкүмдү күчүндө калтырды.

«В.П. менен өгөй баласынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, В.П. баланы бычак менен сайып жиберген. Жактоочу пенсионердин адам өлтүрүүгө ою жок болчу деп, өкүмдү жеңилдетүүнү суранган. Айыпталуучу сурак маалында күнөөнү мойнуна алды, айтымында, анын өлтүрөм деген арам ою жок болчу», — деп айтылат өкүмдө.

Эң көп окулган жаңылыктар