02:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Үй камагындагы Рысалиев Сауд Аравиясына учуп кетти

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы бар делген ЖАМКтын мурунку башчысы Зарылбек Рысалиев, президент Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий делегация менен бирге Сауд Аравиясына расмий визит менен учуп кетти.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев үй камагында болгондуктан, чет өлкөгө чыгууга укугу жок. Августта Биринчи май райондук соту аны үй камагына алуу чечимин чыгарган.

ИИМден 24.kg агенттигине тергөөчү Рысалиевдин четке чыгышына уруксат берип бербегенин тактай турганын айтышты. Биринчи май райондук сотунун маалыматында, Рысалиев жана дагы 14 кишиге (арасында мурунку башкы прокурор Аида Салянова жана мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар) өзүнчө өндүрүш бөлүнгөн жана ал сотко бериле элек.

Юристтердин айтымында, эгер Зарылбек Рысалиев тергөөчүгө кабар бербей өз алдынча чет мамлекетке чыгып кеткени аныкталса, анда анын баш коргоо чарасы өзгөрүшү мүмкүн.

Азиз Батукаев бошотулган жылы Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Анын жардамчысы кримтөбөлдү учакка чейин коштоп барганы айтылган болчу. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар