20:03
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Балыкчы — Нарын — Торугарт жолуна кар жаады

Түндө Балыкчы — Нарын — Торугарт унаа жолунун 445-544-чакырым аралыгына кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.

Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, аралыкты так сактоого чакырат

Эң көп окулган жаңылыктар