18:41
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган инвестициялардын эки жылы

2026-жылдын 5-июнунда «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы мамлекеттик каттоодон өткөнүнө эки жыл толгонун белгилейт.

Ири финансылык уюм үчүн бул чоң мөөнөт эмес. Бирок ушул эки жыл аралыгында Компания туруктуу долбоорлор портфелин түзүп, рынокто олуттуу орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык секторун колдоонун натыйжалуу инструменттеринин бирине айланды.

Бул мезгил аралыгында «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы:

  • 415тен ашык финансылык лизинг келишимин түздү;
  • 1,7 миллиард сомдон ашык суммадагы долбоорлорду каржылады;
  • мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик катышуусу бар ишканаларга 852ден ашуун техника, жабдуу жана автотранспорт бирдиктерин өткөрүп берди;
  • Кыргыз Республикасынын адистештирилген лизинг рыногунун болжол менен 22 пайызын камсыз кылды.

Бул көрсөткүчтөр каржылоонун көлөмүн гана эмес, өлкөнүн аймактарындагы техника менен инфраструктураны жаңылоо боюнча аткарылган иштердин масштабын да чагылдырат.

Бүгүнкү күндө лизинг механизми аркылуу алынган техникалар жолдорду курууда жана оңдоодо, калктуу конуштарды көрктөндүрүүдө, тиричилик калдыктарын чыгарууда, коммуналдык кызматтарды көрсөтүүдө, айыл чарбасын өнүктүрүүдө жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууда пайдаланылууда.

Ар бир берилген техниканын артында таза көчөлөр, сапаттуу муниципалдык кызматтар, мамлекеттик органдардын ыкчам иши жана аймактарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр турат.

Эки жылдын ичинде өлкөнүн дээрлик бардык облустарындагы мамлекеттик органдар жана муниципалитеттер каржылоого ээ болушту. Бул көптөгөн аймактарга мурда финансылык ресурстардын чектелүү болушунан улам жылдырылып келген инфраструктуралык маселелерди чечүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берди.

Компания аймактарды колдоого өзгөчө көңүл бурат. Заманбап техникага жана жабдууларга болгон муктаждык эң оболу жер-жерлерде өзгөчө курч сезилет. Ошондуктан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасы да дал ушул аймактарда көбүрөөк байкалат.

Социалдык мааниси жогору долбоорлорду ишке ашыруу менен катар компаниянын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу дагы маанилүү жыйынтыктардын бири болду.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлер компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жана финансылык отчеттуулукту бекитишти. Уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул келечекте каржылоонун көлөмүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасы үчүн жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча акционерлерге дивиденд төлөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул компания мамлекет тарабынан коюлган өнүктүрүү милдеттерин гана аткарбастан, ошондой эле жумшалган ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздап жатканын билдирет

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик лизинг компаниясы жөн гана финансылык институт эмес, мамлекеттик жана муниципалдык секторду модернизациялоонун маанилүү механизмдеринин бири болуп саналат.

Алдыда өнүгүүнүн жаңы этабы турат. 2026—2030-жылдарга карата Стратегиянын алкагында Компания лизинг портфелин кеңейтүүнү, санариптик сервистерди киргизүүнү, жаңы финансылык инструменттерди өнүктүрүүнү жана кошумча каржылоо булактарын тартууну пландаштырууда.

Эки жылдын ичинде Мамлекеттик лизинг компаниясы өзүнүн зарылдыгын жана натыйжалуулугун далилдей алды. Ишке ашырылган жүздөгөн долбоорлор, өлкө боюнча техникалардын жаңыланышы жана туруктуу финансылык көрсөткүчтөр мамлекеттик лизинг механизми Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жана аймактарды колдоонун натыйжалуу куралы экенин тастыктап турат.

Ошондуктан Компания үчүн кийинки жылдар калыптануу мезгили эмес, жетишилген ийгиликтердин масштабын кеңейтүү жана алардын натыйжалуулугун арттыруу мезгили болуп саналат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар