Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) учурунда 27 абитуриент тесттен четтетилди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунан (БББОУБ) билдиришти.
Борбордун өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, 17 адам негизги тест учурунда, ал эми дагы 10 адам предметтик тесттер учурунда эреже бузганы үчүн четтетилген.
Окуу борбору тест учурунда эмнелерге тыюу салынарын бир нече жолу эскерткен. Алсак, жанында уюлдук телефон, кулакчын , ар кандай электрондук түзүлүштөр, шпаргалкалар болушуна, ошондой эле башка катышуучулардан көчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу аракеттерге тыюу салынат.
Эскерте кетсек, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.
Бул жылы тестке катышуу үчүн 64 миңден ашык абитуриент катталган. ЖРТнын алгачкы эки этабы аяктады. Ал эми кечигип калгандар үчүн тест 19-21-июнь күндөрү өткөрүлөт.
Кечигип калгандар үчүн тестирлөөгө каттоо же кайра каттоо 9-июндан 17-июнга чейин пландаштырылган. Ага 2026-жылдагы ЖРТга катышпай калгандар каттала алышат. Ал эми бул жылы тесттен четтетилгендер кайра киргизилбейт.

