Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 226 миллион сомду түздү. Башкы план боюнча, мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч блоктон турат.
Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, лаборатория, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулар үчүн өз эшигин ачат.
Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

