09:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Жөө күлүк» тасмасы Польшада өткөн кинофестивалда 3 сыйлыкка ээ болду

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы Польшада өткөн Ale Kino! жаш көрүүчүлөрдүн 37-эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Маалыматка караганда, режиссерго «Педагогикалык баалуулукту камтыган балдар үчүн мыкты тасма», «Мыкты режиссердук дебют» жана «Эл аралык калыстар тобунун атайын эске алуусу» сыйлыктары ыйгарылды. 

Эң көп окулган жаңылыктар