07:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бала бакчалар менен мектептер үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүү керек

Балдар бакчалары менен мектептер үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүү керек. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда депутат Бактыбек Раимкулов билдирди.

Анын айтымында, бөлүштүрүүчү компаниялар билим берүү мекемелерине электр энергиясын алгачкы баасында деле берсе болмок.

«Электр энергиясынын бааларын 20 жылдан бери карап жатышат. Ал кымбаттагандан башка эч нерсе өзгөргөн жок. Саясат өзгөрүүсүз калууда, балдар бакчасы менен мектептерге жеңилдик кылып коюшса болот эле го», — деди депутат.

Энерготармактын өкүлдөрүнүн айтымында, «Электрдик станциялар» компаниясынан «Түндүк электр» ААКсы киловатты 52 тыйынга, «Чыгыш электр» 31 тыйынга, «Ош электр» 36 тыйынга сатып алып жатышат. Алар абоненттерге 77 тыйындан 2 сом 16 тыйынга чейин беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар