08:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акыркы 10 айда 1 миң 447 бажы мыйзамын бузуу фактылары аныкталды

2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 1 миң 447 бажы мыйзамын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бузуулардын бирдиктүү реестрине — 1 миң 246 факт катталды. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 198 фактыга көп.

«Айып санкциялары жана товарлардын наркы — 7 миллион 100 миң сом суммасында өндүрүлдү. Ошондой эле бажы төлөмдөрү — 162 миллион 500 миң сом суммасына төлөндү», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде — 201 факт катталды. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду — 35 миллион 900 миң сомго толтурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар