10:45
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Егор Паньшиндин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Октябрь РИИБнын тергөөчүлөрү майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, 44 жаштагы Егор Паньшиндин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгын алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Егор Паньшин өз өмүрүнө кол салган. Анын денесинин кыйноонун белгилери табылган жок.

Эске салсак, 14-октябрда Бишкектеги «Асанбай» кичирайонундагы токой багында майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, 44 жаштагы Егор Паньшиндин жансыз денеси табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар