16:40
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Путиндин учагын Бишкекте коюу туманга карабай кондурган учкучтардын маеги

29-ноябрда Бишкекте ЖККУнун саммити өттү. Меймандар келген маалда «Манас» аба майданын коюу туман каптады. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы коюу туманга карабай жерге коно алды.

«Россия 24» телеканалы атайын репортажда аба-ырайынын оор шартына карабай учакты жерге кондурган учкучтар тууралуу айтып беришти.

«Коюу тумандан улам ири ИЛ-96 учагы араңдан зорго айырмаланат. № 1 борт аба-ырайынын оор шартына карабай жерге конду. Саммит күнү Бишкектин аба майданын коюу туман каптады. Аба майдан 9 саат бою каттамдарды кабыл албай жаткан, бирок айрымдары тобокелге барды», — дейт кабарчы.

№ 1 борттун учкучтары конуу маалында аба-ырайы ар бир 10 мүнөт сайын алмашып жатканын маекте билдиришти. Экипаж мүчөлөрү буга даяр болчу, алар запастык айланага киришкен.

Учак Алматыга учуп кетүүгө даяр эле, бирок Путиндин учагы жерге конду.

«Бул конуу жүргүнчүлөр үчүн эч кандай коркунучтуу эмес болчу, ошондой эле шашылыш чечим дагы эмес. Болчу нерсе болду. Багыттын бир бөлүгүн ноутбук аркылуу көзөмөлгө алганбыз», — дешет учкучтар.

Эң көп окулган жаңылыктар