10:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2020-жылдан тарта болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт

2020-жылдан тарта болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, педогогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын көбөйтүү үчүн 2020-жылдын бюджетинде 20 миллион сом каралды.

«Стипендия эки эсеге көбөйөт. Мисалы, мурда 800 сом алган студенттер эми 1 миң 600 сом алышат. Кичине болсо да бул болочок мугалимдер үчүн жардам болсун. Башка тармакта билим алган студенттердин стипендиясын көтөрүү багынтында дагы иштер жүрөт», — дейт депутат.

24.kg агенттигинин эсебинде 13 миңге жакын студенттин стипендиясы эки эсеге өсөт.

Эң көп окулган жаңылыктар