12:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖККУ саммити. Бир катар документтерге кол коюлду

Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн кезектеги сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги саммитине катышуу үчүн Беларус менен Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри келген. Аларды өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган. Ага чейин Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келген.

Кол коюлган документтер:

  1. Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;
  2. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чаралардын планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  3. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  4. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  5. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  6. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин Планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  7. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын тизмеги жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  8. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо-өнөр жай (аскерий-өнөр жай) комплекстеринин ишканаларынын жана уюмдарынын ортосундагы кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык уюм жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  9. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  10. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы («ПРОКСИ» операциясы) жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  11. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлер Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  12. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Бюджетинин аткарылышы тууралуу Отчет жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  13. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата Бюджети жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  14. Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;
  15. Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Эң көп окулган жаңылыктар