02:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады. 

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар