12:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактын колдонуучусу кармалды

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, А.Ж. ысымдуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Такталгандай А.Ж. жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — дейт УКМК.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча шектелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар