09:53
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

ЖККУ саммити. Кортеж өтүп жатканда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде кортеж өтүп жатканда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Айтымында, баардык кесилиштерде инспекторлор нөөмөттө туруп, унаа кыймылын жөнгө салып турат. 

Башкармалыктан билдиришкендей, жолдордо тыгын болушу күтүлөт, бирок айдоочуларга айыппул салбоого убада кылышат. 

Камералар ишке киргенден кийин, жол эрежелерин бузгандарга айыппул салына баштайт. 

Эске салсак, 27-28-ноябрь күндөрү Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилет. 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет, эртеси Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар