13:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жатканда колго түштү

Бишкекте ЖАМКтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда министрликтин ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал 20 миң сом пара талап кылган ЖАМКтын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Айтымында, шектүү анын сот иштерине байланыштуу маселесин он жагына чечип бермек.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кечээ борбордогу кафелердин биринен тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби