07:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт тергөө абактарын Бишкектин чет жакасына көчүрөт

Түзөтүү мекемелеринин баардыгын Бишкектин чет жакасына чыгаруу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы тергөө абактарын жана түрмөлөрдү шаардын сыртына көчүрүү боюнча иштер башталат. Ал ийгиликсиз жайгашып калгандардан мисал катары Ибраимов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги № 1 тергөө абагын айтты.

«2020-жылдын бюджетинде бул максат үчүн каражат каралды. Депутаттар биздин демилгени колдойт деп үмүттөнөбүз. Муну жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасаш керек. Сунушту даярдап жаткан атайын жумушучу топ түзүлдү», — деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар