07:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө карата акция өтөт

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө карата акция өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги ден соолукту чыңдоочу борборунун дарыгерлери менен Саламаттык сактоо министрлигине каратуу эндокринологиялык борбордун кызматкерлери биргеликте кандагы сахарды жана кан басымды текшерүү үчүн атайын жайларды ачышат. Процедура акысыз.

Кандагы сахарды төмөндөгү даректерден текшерте аласыз:

• 14-ноябрь 10.00-14.00 — «Дордой Плаза» соода үйү;
• 18-ноябрь 9.00-12.00 — Карылар үчүн үй-интернаты (Абай, 93);
• 19 ноябрь 9.00-12.00 — Карылар үчүн үй-интернаты (Интергельпо, 8);
• 20 ноябрь 9.00-12.00 — «Ардагер» геронтологиялык борбору (Күренкеев, 89а).

Эң көп окулган жаңылыктар