11:37
USD 87.45
EUR 90.60
RUB 0.86

Кыргызстанда кант диабети менен 84 миңден ашык бейтап катталган

Кыргызстанда кант диабети менен 84 миңден ашык бейтап катталган. Бул тууралуу Биринчи радиого эндокринолог Айсулуу Стамкулова билдирди.

Анын айтымында, кант диабети менен 84 миң 39 бейтап каттоодо турат, алардын 90 пайызы оорунун экинчи түрү, 10 пайызы биринчи түрү менен ооруйт.

Адис кандагы канттын деңгээли көтөрүлгөн кыргызстандыктар алгачкы диагноздоо үчүн жергиликтүү клиникаларга кайрыла аларын эскертти. Зарыл болгон учурда алар эндокринологиялык борбордо дагы текшерилип, дарыланса болот.

Айсулу Стамкулова кант диабети тукум куума болоорун кошумчалады. Бул типтеги оорудан жапа чеккен балдар тынымсыз инсулин терапиясын талап кылат. Эндокринологиялык борбордо бекер берилет.

Белгилей кетсек, кант диабети кандагы кантты эки өлчөөдөн кийин гана аныкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар