18:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар