14:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кара-Көлдө жергиликтүү соттун судьясы жана милиция пара алып жатканда кармалды

Кара-Көлдө жергиликтүү соттун судьясы жана ИИБнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 1-октябрында ИИМге И.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен милиция ага карата козголгон кылмыш ишти оң жагына чечип беребиз деп 100 миң сом пара талап кылгандарын айткан. Муну менен бирге ал эркинен ажыратууга байланышпаган баш коргоо чарасы үчүн 30 миң сом акча бергенин кошумчалаган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Кара-Көл ШИИБда иштеген милициянын капитаны ортомчу болгону аныкталды. Алар пара алып жаткан жеринен кармалып, учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума