18:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Беловодское айылында Жаштар үйүн жаап салышты

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айылында Жаштар үйүн жаап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине айылдын тургундары билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаштар үйүндөгү бий студиясы менен машыгуу залынын акысы арзан болчу. Кандай негиз менен жабылганын айылдыктар түшүнүшкөн жок.

Тургундар айыл өкмөткө кайрылышты, эми митингге чыгууну ниет кылышууда. Жергиликтүү бийлик имарат ремонтко муктаж болгондуктан, убактылуу жабылганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар