16:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө жол кырсыгында 16 жаштагы улан каза болуп, 3 өспүрүм жабыркады

Кемин районундагы жол кырсыгында эки адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 17-октябрь күнү Кемин району, Ударник айылынын Ленин көчөсүндө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бак сүзгөн. 

Кырсыктын кесепетинен 2004-ж.т. С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм балдар жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар