09:49
USD 81.80
EUR 95.48
RUB 1.03

Перизат Орозобекова: Кыргыздардын кийимдеринде өтө ачык түстөр колдонулган эмес

Жаш дизайнер Перизат Орозобекова «Көчмөн 21» аталышындагы коллекциясы менен жакында Иркутскта өткөн «Байкалдагы этноподиум» ХI эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды.

Орусия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган 100дөн ашуун дизайнерлердин ичинен финалга чыккан Перизат 11 чебердин арасынан мыкты аталды.

Иркутскта өткөн фестивалдан тарта атактуулардын модадагы катачылыктары тууралуу Перизат Орозобекова 24.kg агенттигине маек куруп берди. 

— Жеңишиңиз кут болсун! Эмне себептен калыстар тобунун көңүлү сиздин коллекцияга бурулду деп ойлойсуз?

— Фестивалга катышкан дизайнерлердин ар бири — баш байгеге татыктуу деп ойлом. Бирок менин өзгөчөлүгүм- коллекциямдын күнүмдүк кийгенге багытталганы болду окшойт. Сырткы кийим- чапандарды көйнөк, джинсы, кеды менен айкалыштырып, сыйлуу жерлерге жана күнүмдүк турмушта да кийсе боло берет. Стилистикасы боюнча илгерки кийимдерди заманбап кийимге айландырганга аракет кылдым.

Ал эми башка катышуучулардын кийимдери — театралдык костюм номинациясына таандык болду.

Дал ушул «Көчмөн 21» коллекциясы менен Бишкекте ушул жылдын июнунда өткөн Саякбай Каралаевдин 125 жылдык юбилейине арналган фестивалга катышканмын. Бул менин дипломдук коллекциям. Бирок анда коллекциям болгону 3 комплекттен турчу. Кийин эки эсе көбөйттүм. Баш кийим жок болсо, образ деп эсептелбейт. Ошондуктан баш кийимден тарта, бут кийим, чапан, куртка, калтача, өпкө кап, юбка-белдемчи, шым болот. 

— Буга чейин кандай коллекцияларды чыгаргансыз?

— Быйыл Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура, курулуш жана дизайн факультетин аяктадым. Бирок, 2-курста окуп жүргөндө арт-деко стилинде пальтолордун коллекциясын чыгаргам. Кийин футуризм стилинде коллекция жасадым. Анда көйнөктөр менен сырткы курткалар орун алган.

— Баш байгени алгандан кийин суроо-талаптар дагы көбөйсө керек?

— Иркутсктан эле тапшырык бергендер болду.

Бул коллекция менен дагы башка сынактарга катышам, ошондуктан саткан жокмун. Ал жактан тапшырык гана алып келдим, эми тигип берем.

Баш байгени жеңип алганым —бул ийгиликтин башталышы гана. Муну менен токтоп калбай дагы көп иштешим, билимимди кеңейтишим керек. Чала иш жасаганды жаман көрөм, ар бир нерсенин майын чыгарганды билүүм шарт.

Иркутсктагы фестивалдан кийин болочоктогу коллекциямды кандай стилде жасай турганымды аныктап алдым.

Азыркы сырткы кийимдер болсо, кийинкиде көйнөктөрдүн коллекциясын жасайм, ал дагы сөзсүз этностилинде болот.

Перизат Орозобекова

— Этностилге басым жасоого эмне түрткү болду?

— Буга чейин этностилде иштебейм деп ойлочумун. Бирок, дипломдук ишти баштагандан тарта кызыгуум артып, өзүбүздүн тарыхты аябай изилдедим.

Негизи идеяны жаратылыштан, адамдар менен сүйлөшүп отурганда деле жаралат. Дизайнер — дайыма баарынан кабардар болуп турушу керек. Четке чыгып тажрыйба топтоп келсем деген ойлорум бар. Бизге жаңы идея, ой жана тажрыйба дайым керек. 

Перизат Орозобекованын жеке архивинен алынды
Фото Перизат Орозобекованын жеке архивинен алынды

— Дизайнер катары кийимдериңизди өзүңүз тигип аласызбы?

— Кийген кийимдеримдин басымдуу бөлүгүн өзүм тигип, 30 пайызын сатып алам. Дизайнер болгон үчүнбү, айтоор дүкөндөрдөгү сатылган кийимдерге ичим бышпайт, ыраазы боло бербейм. Кээ бир жерде сапаты начар, же баасы сапатына төп келишпейт.

— Дизайнер катары атактуулардан ким менен иштешүүнү каалайт элеңиз?

— Актриса Элина Абай кызы менен иштешүүнү каалайт элем, анын табити, стили жагат. Анын үстүнө чет өлкөгө көп чыгып, биздин кыргыз дизайнерлеринин костюмун кийип жүрөт. Ал көбүнчө Дилбар Ашымбаеванын эмгектерин киет.

Ал эми атактуулардан, айрыкча шоу-бизнес жаатында мода боюнча бир канча каталарды көрүп жүрөм. Биринчиден, жашы улгайып калган айымдар жаш кыздын шөкүлөсүн кийип алышат.

Экинчиден, кыргыз кийимдери деп орустардын бүйүрмөлөрү менен тигилген (оборка), үстүнө оюу бастырылган көйнөктөрүн кийип алышат.

Ошондой эле өңдөр боюнча калпыстыктар бар. Анткени өтө ачык кызыл, сары жана башка түстөр кыргыздын кийимдеринде болгон эмес.

Ал тургай биздин шырдактарды, туш кийиздерди карасак андай чаңкайган ачык өң жок. Биздин түстөр кара менен байланышкан. Улуттук кийимдердин формасы денеге чыпталбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар