05:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат жеке медициналык окуу жайлардын салыктарды толук төлөбөй жатканына капа

Бүгүн Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Аида Исмаилова жеке медициналык окуу жайлар тиешелүү салыктарды толук төлөбөй жатканын көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар жана медициналык факультеттер чет элдик студенттерден жылына 120-150 миӊ сом контракттык төлөм алышат.

«Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы быйыл 95 чет элдик студент кабыл алган. Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультети болсо андан 3 эсе көп студент кабыл алып, бирок мамлекеттик медициналык академия төлөгөн салыктай эле салык төлөгөн. Ал эми Кыргызстан эл аралык университети болсо 445 чет элдик кабыл алып, мамлекетке болгон 1,8 миллион сом салык төлөгөн», -деди депутат.

Мындай чоӊ айырмадагы сандык салыштырууларды келтирген эл өкүлү «республикалык бюджетте тартыштык бар дегенибиз менен, жогорудагыдай мыйзамдуу салыктарыбызды чогулта албай жатабыз» деген сын көз карашын билдирди.

Мындан сырткары, Аида Исмаилова окуу жайлардагы ушул сыяктуу көрүнүштөргө тыкыр көзөмөл жүргүзүп, мамлекетке канча салык төлөп жатышкандыктарын аныктоо керектигин аткаруу бийлигине багыттады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума